# 33-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын байланыш каражаттарын пайдалануусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 33-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-33

---

1. Мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары, уюмдар Кыргыз Республикасынын аймагында Жогорку Кеңештин депутатына алардын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна байланыштуу аталган органдар менен уюмдардын тескөөсүндөгү байланыштын бардык түрлөрүн берүүгө милдеттүү.

2. Жогорку Кеңештин депутаты байланыш кызматын кезексиз алуу укугуна ээ болот.

3. Жогорку Кеңештин депутатынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланышкан почталык жана телеграфтык кат-кабар жөнөтүмдөрүнүн бардык түрлөрү өкмөттүк деңгээлде жөнөтүлөт (берилет), иштелип чыгылат жана жеткирилип берилет.

4. Жогорку Кеңештин депутатынын, мобилдик байланышты кошпогондо, байланыш каражаттарын пайдаланууга кеткен чыгымдары тийиштүү жылга Жогорку Кеңештин иш-милдетине карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралган каражаттардын эсебинен төлөнөт.

5. Жогорку Кеңештин депутатынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн байланыш каражаттарын пайдалануусунун тартиби жана чектери Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленет.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-34)
