Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
33-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын байланыш каражаттарын пайдалануусу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 3-глава
1. Мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары, уюмдар Кыргыз Республикасынын аймагында Жогорку Кеңештин депутатына алардын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна байланыштуу аталган органдар менен уюмдардын тескөөсүндөгү байланыштын бардык түрлөрүн берүүгө милдеттүү.
2. Жогорку Кеңештин депутаты байланыш кызматын кезексиз алуу укугуна ээ болот.
3. Жогорку Кеңештин депутатынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланышкан почталык жана телеграфтык кат-кабар жөнөтүмдөрүнүн бардык түрлөрү өкмөттүк деңгээлде жөнөтүлөт (берилет), иштелип чыгылат жана жеткирилип берилет.
4. Жогорку Кеңештин депутатынын, мобилдик байланышты кошпогондо, байланыш каражаттарын пайдаланууга кеткен чыгымдары тийиштүү жылга Жогорку Кеңештин иш-милдетине карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралган каражаттардын эсебинен төлөнөт.
5. Жогорку Кеңештин депутатынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн байланыш каражаттарын пайдалануусунун тартиби жана чектери Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленет.
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202483/st-33" title="33-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>