# 31-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын турак жай менен камсыз болууга укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2016 года № 191 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111470)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842762..842763>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 31-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-31

---

1. Бишкек шаарында турак жайы жок Жогорку Кеңештин депутатына анын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мезгилине турак жай мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда кызматтык турак жай берилет.

2. Бош кызматтык турак жай жок болгон учурда Жогорку Кеңештин депутатына Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актыларда каралган өлчөмдөрдө жана тартипте турак жайды ижарага алгандыгы үчүн ай сайын компенсация төлөнөт.

3. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык берилген кызматтык турак жайды мандаттын күчү токтотулган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен бошотуп берүүгө милдеттүү. Ээлеген кызматтык турак жай ордун бошотуп бербөө турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте көчүрүлүп чыгарууга алып келет.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүндө аныкталган турак жайга акы төлөө Жогорку Кеңештин иш-милдети үчүн тиешелүү жылга бюджет жөнүндө мыйзам менен каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. Жогорку Кеңештин депутаты коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү өз каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырат.

(КР 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 191 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-32)
