# 30-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусу үчүн материалдык-каржы шарттарын камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 88 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048416)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=28901..55764>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 30-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-30

---

1. Жогорку Кеңештин депутатынын иши, ошондой эле анын парламенттик ишмердүүлүгүнө байланышкан чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт.

2. Жогорку Кеңештин депутатынын бир айлык акчалай акысы ал ант берген күндөн баштап, бирок ал мурдагы кызмат ордунан бошонгон же анын кызмат кылуусу токтотулган күндөн эрте эмес күндөн тартып төлөнөт, ал эми анын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдарын төлөп берүү боюнча каражаттар ал шайланган күндөн баштап төлөнөт.

3. Жогорку Кеңештин, фракциялардын же депутаттык топтордун, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарынан бош убакытта жүзөгө ашырылуучу педагогикалык, илимий жана чыгармачылык ишти кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаты кайсы бир акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө укуксуз.

Жогорку Кеңештин депутатынын педагогикалык жана илимий иши болуп билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу иш таанылат. Жогорку Кеңештин депутатынын чыгармачылык иши болуп автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу илим, адабият жана искусство чөйрөсүндөгү өзүнүн чыгармачылык эмгегинин жыйынтыктарын жаратуу, пайдалануу жана ишке ашыруу боюнча иши таанылат. Иштин аталган түрлөрүн жүзөгө ашыргандыгы үчүн Жогорку Кеңештин депутаты сый акы алууга укуктуу. (КР 2026-жылдын 11-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-31)
