# 3-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2011 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203350)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842755..842756>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 3-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-3

---

1. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учур-

ларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) ал тарабынан депутаттык ыйгарым укуктарды тапшыруу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу түрүндөгү арыз берилгенде;

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;

3) башка ишке өткөндө же ал тарабынан депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган ишти таштабаганда;

4) шайлоо жараксыз деп табылганда;

5) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кеткенде;

6) сот тарабынан депутат ишке жарамсыз деп табылганда;

7) аны дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

8) депутат өлгөндө;

9) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

10 бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөөлүү себептерсиз 30 же андан көп жумушчу күнү жок болгондо.

11) (КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

12) (КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

13) (КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, негиз келип чыккан күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан отуз календардык күндөн кечиктирилбей кабыл алынган токтом менен жүзөгө ашырылат.

3. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун натыйжасында пайда болгон бош мандаты ээлөөнүн тартиби конституциялык мыйзам тарабынан аныкталат.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 4-июнундагы N 32-р чечими (КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-4)
