# 281-берене. Жазык иши реабилитациялоочу негиздер боюнча токтотулганда же актоо өкүмү чыгарылганда акчалай төлөмдөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 декабря 2016 года № 193 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111472)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842763..842764>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 281-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-281

---

1. Депутат өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн кармалганда жана ага карата камакка алуу же болбосо үй камагына алуу - бөгөт коюу чарасы тандалганда, алардын шарттары боюнча депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу мүмкүн болбогондо, эмгек акы төлөө камакка алынган же болбосо үй камагы колдонулган күндөн тартып токтотула турат. Жазык иши реабилитациялоочу негиздер боюнча токтотулган же актоо өкүмү чыгарылган учурда, эмгек акы төлөө токтотула турган учурдан тартып жүргүзүлөт.

2. Жогорку Кеңеш депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергенде жана сот ага карата камакка алуу же болбосо үй камагына алуу - бөгөт коюу чарасын тандаганда, алардын шарттары боюнча депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу мүмкүн болбогондо, эмгек акы төлөө камакка алынган же болбосо үй камагы колдонулган күндөн тартып токтотула турат. Жазык иши реабилитациялоочу негиздер боюнча токтотулган же актоо өкүмү чыгарылган учурда, эмгек акы төлөө токтотула турган учурдан тартып жүргүзүлөт.

(КР 2016-жылдын 3-декабрындагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-28)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-29)
