# 28-берене. Депутатты кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга Жогорку Кеңештин макулдугун алуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 204 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019494)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.12.2024 [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 204 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019494); 18.07.2011 [Закон КР от 18 июля 2011 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203350)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842765..23696>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 28-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-28

---

1. Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш-жаза иши Башкы прокурор тарабынан гана козголушу мүмкүн.

2. Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор Жогорку Кеңешке тийиштүү сунуштама киргизет.

3. Башкы прокурордун, Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү сунуштамасын кароо үчүн Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган тартипте комиссия түзүлөт.

Комиссия сунуштаманы бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен карайт. Зарылчылыкка жараша Башкы прокурордон кошумча материалдар талап кылынышы мүмкүн. Комиссия Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселени кароодо маселеси чечилүүгө тийиш болгон депутатты, прокуратуранын, өкүлдөрүн же арыз ээсин (жеке айыптоочуну) угууга милдеттүү. Иликтөө боюнча комиссия тарабынан маалымкат, ошондой эле чечимдин долбоору түзүлүп, жарыя кылынгандан кийин Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселе Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизилет. Аталган маселени кароодо, ошондой эле берилген чечим долбоорунда депутаттар сунуштамадагы фактыларды чечмелөө, баа берүү же тактоо менен гана чектелет. Чечим долбоору боюнча жарыш сөзгө комиссиядан баяндамачы, фракциялардын өкүлдөрү жана маселеси чечилүүгө тийиш болгон Жогорку Кеңештин депутаты катышат.

4. Башкы прокурордун сунуштамасын канааттандыруу жөнүндө чечим, эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүгү добуш берген болсо, кабыл алынды деп эсептелет. Чечим Жогорку Кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.

Жогорку Кеңештин жүйөөлөштүрүлүп кабыл алынган токтому жөнүндө үч күндүк мөөнөттө Башкы прокуратурага кабарланат. Жогорку Кеңеш негиздер пайда болгон учурда өз чечимин кайра кароосу мүмкүн.

5. Башкы прокурор иш боюнча өндүрүш аяктаган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңешке тергөөнүн жыйынтыктары жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

6. Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн Жогорку Кеңештин баш тартуусу ошол депутатка карата кылмыш-жаза ишин жүргүзүүнү жокко чыгаруучу жагдай болуп саналат.

7. Депутатка кол салган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110, 2024-жылдын 18-декабрындагы № 204 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-27)  
Кийинки берене: [281-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-281)
