# 24-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын көз карандысыздыгынын кепилдиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2011 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203350)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842755..842756>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 24-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-24

---

1. Жогорку Кеңештин депутаты эл шайлаган адам катары элдин жана мамлекеттин коргоосунда турат. Өз мандатынын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде Жогорку Кеңештин депутаты кызматтык милдетин аткарууда болгон деп эсептелет.

Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ичинде, ошондой эле андан кийин депутаттык ишмердигине байланыштуу ой-пикири, айткан сөзү үчүн же Жогорку Кеңеште добуш берүү жыйынтыгы үчүн куугунтуктоого алынышы мүмкүн эмес. Жогорку Кеңештин депутатын мазактоо, ушуга тете депутаты жаманатты кылуу же болбосо анын депутаттык ишмердүүлүгү тууралуу бурмаланган түрүндө маалымат таратуу, ошондой эле ага каршы багытталган ар кандай агрессивдүү аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

2. Жогорку Кеңештин депутаты, ал тарабынан өзгөчө оор кылмыш жасаган учурду копшогондо, жазык-процесстик мыйзамдарда каралган негиздер боюнча кармалууга же камакка алынууга, тинтилүүгө, жекече текшерүүгө алынышы мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин депутатына тийиштүү турак жай, кызматтык жай, жүгү, жеке жана кызматтык транспорт каражаттары, жазышкан каттары, байланыш каражаттары, ошондой эле документтери текшерүүгө жана тинтүүгө жатпайт.

3. Депутатты кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга, ал тарабынан өзгөчө оор кылмыш жасаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана жол берилет.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-25)
