24-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын көз карандысыздыгынын кепилдиги
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июля 2011 года № 110
1. Жогорку Кеңештин депутаты эл шайлаган адам катары элдин жана мамлекеттин коргоосунда турат. Өз мандатынын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде Жогорку Кеңештин депутаты кызматтык милдетин аткарууда болгон деп эсептелет.
Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ичинде, ошондой эле андан кийин депутаттык ишмердигине байланыштуу ой-пикири, айткан сөзү үчүн же Жогорку Кеңеште добуш берүү жыйынтыгы үчүн куугунтуктоого алынышы мүмкүн эмес. Жогорку Кеңештин депутатын мазактоо, ушуга тете депутаты жаманатты кылуу же болбосо анын депутаттык ишмердүүлүгү тууралуу бурмаланган түрүндө маалымат таратуу, ошондой эле ага каршы багытталган ар кандай агрессивдүү аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
2. Жогорку Кеңештин депутаты, ал тарабынан өзгөчө оор кылмыш жасаган учурду копшогондо, жазык-процесстик мыйзамдарда каралган негиздер боюнча кармалууга же камакка алынууга, тинтилүүгө, жекече текшерүүгө алынышы мүмкүн эмес.
Жогорку Кеңештин депутатына тийиштүү турак жай, кызматтык жай, жүгү, жеке жана кызматтык транспорт каражаттары, жазышкан каттары, байланыш каражаттары, ошондой эле документтери текшерүүгө жана тинтүүгө жатпайт.
3. Депутатты кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга, ал тарабынан өзгөчө оор кылмыш жасаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана жол берилет.
(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202483/st-24" title="24-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>