# 22-берене. Депутаттын Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын тапшырмаларын аткарууга катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111430)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842760..842761>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 22-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-22

---

Жогорку Кеңештин депутаты Жогорку Кеңештин же анын органдарынын тапшырмасы боюнча, каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын мыйзамдарды аткаруусун текшерүүгө катышат. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө депутат Жогорку Кеңешке же анын органдарына маалымат берет жана зарыл болгон учурда, айкын болгон кемчиликтерди четтетүү, мыйзамсыз чечимдерди жокко чыгаруу, мыйзамдарды же башка укуктук ченемдик актыларды бузууга жана Жогорку Кеңештин токтомдорун аткарбоого жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарын киргизет. (КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-23)
