# 21-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын шайлоочулар менен иш жүргүзүүдөгү ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111430)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842760..842761>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 21-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-21

---

1. Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде алар боюнча зарыл чараларды көрөт;

2) ченемдик актыларда аныкталган тартипте жарандарды жеке өзү кабыл алууну жүргүзөт;

3) жарандардын арыздарын кароого байланыштуу суроо-талаптарды мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жиберет;

4) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жөнөтүлгөн жарандардын сунуштарынын, арыздарынын жана даттанууларынын каралышын контролдойт, ошондой эле аларды кароодо жеке өзү катышууга укуктуу.

Мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын, уюмдардын жана коммерциялык эмес ишканалардын кызмат адамдары депутаттын контролдоо ишинде ага көмөк көрсөтөт;

5) шайлоочулар, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен чогулуштарды, конференцияларды жапа жолугушууларды өткөрөт;

6) депутаттык күбөлүгүн көрсөтүп мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга тоскоолдуксуз кирет. Иши мамлекеттик сырды сактоого байланышкан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кирүү тартиби мыйзамдарда белгиленет:

7) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар өткөргөн иш-чараларга, шайлоочулардын жашаган жери, иши, окуусу же кызматы боюнча чогулуштарына катышат.

2. Соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттанылган депутатка кайрылуу, ушул соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттануу тартибин түшүндүрүү менен, кайрылууну жиберген жаранга кайтарылып берилет.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-22)
