# 2-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июля 2012 года № 110 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203710)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.07.2012 [Закон КР от 13 июля 2012 года № 110 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203710); 18.07.2011 [Закон КР от 18 июля 2011 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203350)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842756..842757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 2-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-2

---

1. Жогорку Кеңештин депутаты беш жылга шайланат.

2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй мазмундагы ант кабыл алынган күндөн тартып башталат:

"Мен, ..., Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип: Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында аткарууга, кыргыз мамлекетинин эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоого ант берем". Антты кабыл алууда анын текстинен жана ант берүүнүн жол-жоболорунан четтөөгө жол берилбейт.

3. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары Конституцияда жана ушул Мыйзамда каралган мөөнөтүнөн мурда токтотуу учурларынан тышкарыда. Жогорку Кеңештин тийиштүү чакырылышынын ыйгарым укуктарынын токтотулушу менен бир учурда токтотулат.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 , 2012-жылдын 13-июлундагы № 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-3)
