# 17-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын маалымат алуу жана таратуу укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2011 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203350)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842755..842756>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 17-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-17

---

1. Жогорку Кеңештин депутаты Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу мыйзам долбоорлор, документтер, ошондой эле Президенттин, Өкмөттүн, Жогорку соттун аппараттары, башка мамлекеттик органдар жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан расмий түрдө таратылган маалыматтык жана маалымдамалык материалдар менен камсыз кылынат.

2. Жогорку Кеңеш жана мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өч алдынча башкаруунун башка органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар, алардын кызмат адамдары Жогорку Кеңештин депутаты кайрылган учурда депутаттык ишке байланышкан маселелер боюнча аны адистердин консультациялары менен камсыз кылууга, зарыл болгон маалыматты токтоосуз түрдө берүүгө милдеттүү.

3. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишти камсыз кылуу үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын көчүрмө-көбөйтүүчү жана электрондук-эсептөө техникасын пайдаланууга укуктуу.

4. Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык ишинин маселелери боюнча теле жана радио уктуруунун мамлекеттик каналдары боюнча жана мамлекеттик басылмаларда "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте чыгым сүйлөөгө укуктуу.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-18)
