# 15-берене. Депутаттык суроо-талап

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111430)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842760..842761>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 15-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-15

---

1. Каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаты мамлекеттик бийлик органдарына, өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга суроо-талап жөнөтүүгө укуктуу, алар бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен жооп берүүгө милдеттүү.

2. Депутаттык суроо-талап кат жүзүндө жол-жоболоштурулат.

3. Депутаттардын Жогорку Кеңештин жыйналышынын убагында аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата кат жүзүндө же оозеки айтылган суроо-талаптары Жогорку Кеңештин Аппараты тарабынан стенограмма боюнча жол-жоболоштурулат жана ага депутат өзү кол коет жана Жогорку Кеңештин Аппараты тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аткаруу бийлик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт.

4. Депутаттык суроо-талашта ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө кат жүзүндө жооп алынбаган учурда, жооп берүүнү кечеңдеткен органдын өкүлү же кызмат адамы түшүндүрмө берүү үчүн Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйналышына чакырылат.

5. Мамлекеттик сырды, мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн кабарлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

6. Аткаруу бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери депутаттын же Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринин, комиссияларынын суроо-талабы боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар менен чечимдерди турмушка ашырылышын текшерүү үчүн зарыл болгон материалдарды берүүгө, аны жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.

Текшерүүчүлөрдүн объекттерге тоскоолдуксуз кирүүгө, мыйзамдарды жана чечимдерди турмушка ашыруу боюнча жетекчилер кабыл алган чаралар менен таанышууга укугу бар. (КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-16)
