# 14-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын парламенттик фракцияларга мүчөлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2015 года № 204 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111248)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2015 [Закон КР от 28 июля 2015 года № 204 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111248); 18.07.2011 [Закон КР от 18 июля 2011 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203350)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842759..842760>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 14-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-14

---

1. Жогорку Кеңештин депутаты саясий партиянын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешке шайланган депутаттардан түзүлгөн парламенттик фракциянын курамына кирет.

2. Жогорку Кеңештин депутаты бир гана парламенттик фракциянын мүчөсү болуп саналат.

3. Парламенттик фракциянын мүчөсү төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

1) парламенттик фракциянын жетекчи органдарына жана кызмат орундарына шайлоого жана шайланууга;

2) парламенттик фракция жөнүндө жоболорду иштеп чыгууга жана бекитүүгө катышууга;

3) фракциянын компетенциясына кирген кандай маселе болсун сунуштарды киргизүүгө жана кароого катышууга;

4) фракциянын жыйналышынын күн тартиби боюнча сунуштарды киргизүүгө;

5) мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорун, депутаттык суроо-талаптарды, билдирүүлөрдү жана башка документтерди киргизүүгө;

6) Жогорку Кеңештин кароосуна жаткан маселелер боюнча фракциянын позициясын түзүү боюнча талкууга катышууга жана сунуштар киргизүүгө;

7) фракциянын тапшырмаларына ылайык Жогорку Кеңештин пленардык жыйналыштарында, комитеттин жана убактылуу комиссиянын жыйналыштарында аларда каралып жаткан маселелер боюнча фракциянын позициясын жарыялоо үчүн анын атынан чыгып сүйлөөгө.

4. Депутаттын парламенттик фракциядагы иши ушул Мыйзамда, Жогорку Кеңештин Регламентинде жана парламенттик фракция жөнүндөгү Жободо аныкталат.

Караныз: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын чечими 2014 жылдын 24 сентябрындагы №48-р (КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110, 2012-жылдын 4-февралындагы № 12, 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-15)
