# 13-берене. Депутаттын Жогорку Кеңештин комитеттериндеги жана убактылуу комиссияларындагы укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2011 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203350)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842755..842756>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 13-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-13

---

Жогорку Кеңештин комитетинин же убактылуу комиссиясынын мүчөсү төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

1) тийиштүү комитеттин же убактылуу комиссиянын жыйналыштарында, алардын компетенциясына кирген ар кандай маселелерди сунуш кылууга жана аларды кароого катышууга;

2) комитеттин, убактылуу комиссиянын ишинин чегинде депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүүгө, депутаттык иликтөө жүргүзүүгө:

3) ошол комитеттин карамагына таандык маселелер боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу тууралуу сунуштарын киргизүүгө;

4) мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринен Жогорку Кеңештин комитеттеринин, убактылуу комиссияларынын иши үчүн зарыл маалыматтарды алууга;

5) өзү мүчө болбогон комитеттин же убактылуу комиссиянын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш берүү укугу менен катышууга, сунуштарды киргизүүгө, маселелерди талкуулоого катышууга.

Жогорку Кеңештин депутатына ал киргизген маселе боюнча кабыл алынган чечимдин көчүрмөсү берилет. Депутат ошондой эле Жогорку Кеңештин комитети, убактылуу комиссиясы чечим кабыл алууда анын ой-пикирин эске алуу үчүн өзүнүн позициясын кат жүзүндө баяндап берүүгө акылуу. (КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-14)
