# 11-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында депутаттын сунуштарын жана сын-пикирлерин кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111430)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.07.2016 [Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111430); 18.07.2011 [Закон КР от 18 июля 2011 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203350)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842760..842761>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 11-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-11

---

1. Каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин жыйналышында депутат жана парламенттик фракция тарабынан айтылган же төрагалык кылуучуга кат жүзүндө берилген сунуштар менен сын-пикирлер Жогорку Кеңештин же анын органдарынын жыйналышында каралат же тийиштүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын кароосуна жөнөтүлөт, кийин ал тууралуу депутатка маалымдалат.

2. Депутаттын сунуштары менен сын-пикирлери жөнөтүлгөн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын кызмат адамдары аларды бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого жана натыйжасы жөнүндө Жогорку Кеңештин депутатына кабарлоого милдеттүү.

3. Депутаттардын сунуштарын жана сын-пикирлерин кароого жана ишке ашырууга контролдук Жогорку Кеңештин комитеттери, убактылуу комиссиялары жана Аппараты тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110, 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-12)
