# 10-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын пленардык жыйналыштардагы укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2015 года № 204 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111248)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2015 [Закон КР от 28 июля 2015 года № 204 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111248); 04.02.2013 [Закон КР от 4 февраля 2013 года № 12 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203819); 18.07.2011 [Закон КР от 18 июля 2011 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203350)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842759..842760>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 10-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-10

---

Депутат Жогорку Кеңештин жыйналышында төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

1) Жогорку Кеңештин Регламентинде аныкталган тартипте, Жогорку Кеңештин кароосуна жаткан ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча сунушталган мыйзамдардын долбоорлорун, Жогорку Кеңештин токтомдорун киргизүүгө;

2) күн тартиби, жыйналышты алып баруу, жол-жоболор жана Жогорку Кеңешинин Регламентинде каралган башка маселелер боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;

3) талкууланып жаткан маселелердин маңызы боюнча жарыш сөздөргө катышууга, сунуштарын, сын-пикирлерин жана түзөтүүлөрүн киргизүүгө, ошондой эле Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган тартипте алар боюнча өзүнүн пикирлерин айтууга;

4) Жогорку Кеңеш шайлаган же анын контролдугу алдындагы мамлекеттик органдын же анын кызмат адамынын, ошондой эле алардын мыйзамдарды жана Жогорку Кеңештин чечимдерин аткаруусу тууралуу маалыматтарын угуу жөнүндө сунуштарын киргизүүгө:

5) Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган жол-жоболорго ылайык баяндамачыга, кошумча баяндамачыга, ошондой эле жыйналышта төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө:

6) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жарандардын кайрылууларын жана депутаттын суроо-талабына берилген жана коомдук мааниге ээ болгон мамлекеттик органдардын жоопторун жарыя кылууга;

7) парламенттик фракциянын тапшырмасы боюнча күн тартибиндеги маселелер боюнча өзгөчө ой-пикиринин текстин төрагалык кылуучуга берүүгө;

8) Жогорку Кеңеште каралып жаткан маселелер боюнча сүйлөнгөн сөздөрдүн, билдирүүлөрдүн, сунуштардын жана сын-пикирлердин тексттерин жыйналыштын протоколуна киргизүү үчүн берүүгө.

Караныз: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын чечими 2014 жылдын 24 сентябрындагы №48-р (КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110, 2013-жылдын 4-февралындагы № 12, 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-11)
