# 1-берене. Жогорку Кеңештин депутаты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2011 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203350)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842755..842756>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 1-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-1

---

1. Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык партиялык тизмелер боюнча шайланган жана Конституцияда, ушул Мыйзамда, Жогорку Кеңештин Регламентинде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген мыйзам чыгаруу жана башка ыйгарым укуктарды Жогорку Кеңеште жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктар берилген, 21 жаш курагынан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.

2. Жогорку Кеңештин депутатынын кызмат оруну Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку саясий мамлекеттик кызмат оруну болуп саналат.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-2)
