# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы №265 "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу"мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы №265 "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 265
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202481>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3901/edition/329678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202481.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы №265 "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу"мыйзамы (17.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202481

---

Бишкек шаары

2008-жылдын 17-декабры № 265

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

2008-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202481/st-1)

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-

касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 337-ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-статьянын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлккө укуктарды каттоо - милдеттүү

жол-жобо, анын жардамы менен 250 эсептик көрсөткүчтөн жогорку суммага

милдеттенмени камсыз кылуучу күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ор-

тосундагы күрөө жөнүндө келишим Күрөө каттоо конторасында катталат.".

2. 21-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. 250 эсептик көрсөткүчтөн ашык суммада милдеттенмени камсыз кы-

луучу, күрөөгө коюуну жана күрөөлөрдү кошпогондо, кыймылдуу мүлккө бар-

дык күрөөлөр Күрөө каттоо конторасында милдеттүү катталууга тийиш.

250 эсептик көрсөткүчкө чейинки суммада милдеттенмени камсыз кылу-

учу күрөөлөр күрөө бүтүмдөрүнүн катышуучусунун каалоосу боюнча Күрөө

каттоо конторасында катталышы мүмкүн.

Күрөөнү каттоо күрөө кармоочунун мурда катталган күрөөсү болбогон

башка кредиторлордун алдында өзүнүн талаптарын күбөлөндүргөн артыкчы-

лыктуу укуктарын бөлүштүрүү максатында жүргүзүлөт.".

3. 83-статьянын 2-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда ба-

яндалсын:

"3) 3 күндүн ичинде күрөөнүн токтотулгандыгы жөнүндө Күрөө каттоо

конторасына билдирсин;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202481/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
