# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу актыларына ("Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202480)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы №264 "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу актыларына ("Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) толуктоолор киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 264
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202480/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3900/edition/329677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202480/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу актыларына ("Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) толуктоолор киргизүү жөнүндө, 2-берене (17.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202480/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-

дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., №

2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 92-2-статья менен толукталсын:

"92-2-статья. Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана

каражаттарды жарнамалоо жана таратуу эрежелерин

бузуу

Тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген балдарды

жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды жарнамалоо жана

таратуу эрежелерин бузуу, -

тиешелүүлүгүнө жараша жарандарга эсептешүү көрсөткүчтүн ондон жы-

йырмага чейинки, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырмадан

жүзгө чейинки, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жүздөн беш

жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 508-статьянын 1-бөлүгү "92" деген цифралардан кийин "92-2" де-

ген цифралар менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202480/st-16)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202480/st-3)
