# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы №264 "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу актыларына ("Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) толуктоолор киргизүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы №264 "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу актыларына ("Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) толуктоолор киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 264
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202480>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3900/edition/329677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202480.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы №264 "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу актыларына ("Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) толуктоолор киргизүү жөнүндө" мыйзамы (17.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202480

---

Бишкек шаары

2008-жылдын 17-декабры № 264

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу

актыларына ("Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык

жоопкерчилик жөнүндө кодекси) толуктоолор

киргизүү жөнүндө

2008-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202480/st-1)

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй

толуктоо киргизилсин:

### [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202480/st-16)

төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары балдарды жасалма тамак-

тандыруу үчүн тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган

азыктардын жана каражаттардын үлгүлөрүн акысыз таратууга;

- балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды

колдонууну идеалдаштыруу боюнча ар кандай маалыматтык жана билим берүү

материалдарын белекке берүүгө жана таратууга;

- эгерде балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана кара-

жаттарды жасап чыгаруучулардын аталыштары, сүрөт-сыпаттамалары жана то-

вардык белгилери колдонулса, балдардын, айрыкча ымыркайлардын жана кен-

же курактагы балдардын тамак-аш азыктарына карата кызыкчылыгы бар кош

бойлуу жана эмчектеги балдары бар аялдар, саламаттык сактоо кызматкер-

лери жана башка жактар үчүн арналган иш-чараларга демөөрчүлүк кылууга;

- балдарды тамактандыруу процессине тиешеси болбогон, сырт жагына

балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктардын жана каражаттардын ата-

лыштары же сүрөт-сыпаттамалары түшүрүлгөн товарларды (футболкалар, баш

кийимдер, оюнчуктар, кол чатырлар, баштыктар д.у.с.) адамдардын кењири

чөйрөсүнө таратууга, анын ичинде сатууга;

- балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды

сатып алууга же пайдаланууга дем берүүгө тикелей же кыйыр багытталган

башка иш-аракеттердин түрлөрүнө.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202480/st-2)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-

дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., №

2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 92-2-статья менен толукталсын:

"92-2-статья. Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана

каражаттарды жарнамалоо жана таратуу эрежелерин

бузуу

Тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген балдарды

жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды жарнамалоо жана

таратуу эрежелерин бузуу, -

тиешелүүлүгүнө жараша жарандарга эсептешүү көрсөткүчтүн ондон жы-

йырмага чейинки, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырмадан

жүзгө чейинки, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жүздөн беш

жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 508-статьянын 1-бөлүгү "92" деген цифралардан кийин "92-2" де-

ген цифралар менен толукталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202480/st-3)

Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө

кирет.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202480/st-4)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн

тартып үч айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ага ылайык

келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
