# 9-берене. Балдарды эмчек эмизип багууну пропагандалоо

- Документ: [Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202479)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы № 263 "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 263
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3899/edition/724115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202479/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө, 9-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-9

---

1. Балдарды эмчек эмизип багууну пропагандалоо баланы эмчек эмизип багуунун балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн ден-соолугу үчүн пайдасы жөнүндө маалыматтарды таратуу жолу менен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан камсыз кылынат.

Мамлекет алты айга чейинки курактагы балдарды эмчек эмизип гана багуу жана балдарды эмчек эмизип багууну эки жашка чыкканга чейин жана андан ары улантуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат.

2. Саламаттык сактоо уюмдары балдарды, өзгөчө алты айга чейинки курактагы балдарды эмчек эмизип гана багууну коргоо жана пропагандалоо боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катышууга милдеттүү.

3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзам жөнүндө жарандарды массалык маалымат каражаттары аркылуу жана башка ыкмалар менен кабардар кылат.

Балдарды эмчек эмизип багуунун пайдасы жөнүндө жарандарды кабарландыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-10)
