# 7-берене. Белгиленген азыктарды таратууну жана алып келүүнү чектөө

- Документ: [Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202479)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы № 263 "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 263
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3899/edition/724115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202479/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө, 7-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-7

---

1. Белгиленген азыктар жасалма тамактандыруу менен тамактанууга мажбур болгон балдарга гана саламаттык сактоо уюмдарында жана социалдык камсыздоо мекемелеринде берилет жана колдонулат. Белгиленген азыктарды ошол уюмдардын сатып алышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучулар же таратуучулар аларды саламаттык сактоо мекемелерине белекке берүүгө же арзан баада сатууга укуксуз ал чекене баага салыштырганда сексен пайыздан төмөн болушу керек.

Социалдык камсыздоо мекемелерине, анын ичинде интернаттарга балдар үйлөрүнө ошондой эле бөбөктөр үйлөрүнө белгиленген азыктар белек катары же арзан баада берилиши мүмкүн, алардын баасы чекене баага салыштырганда сексен пайыздан төмөн болбоого тийиш.

3. Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучулар жана таратуучулар боюнда бар аялдарга ымыркайлардын жана кенже курактагы балдардын энелерине же алардын башка үй бүлө мүчөлөрүнө белгиленген азыктардын үлгүлөрүн жана бул азыктарды колдонууга түрткү болуучу өз азыктарынын үлгүлөрүн же башка нерселерди берүүгө укуксуз.

4. Белгиленген азыктарды жана каражаттарды жасап чыгаруучулар жана таратуучулар жасап чыгаруучунун аталышы же анын шарттуу белгиси көрсөтүлүшү мүмкүн болгон материалдарды жана жабдууларды саламаттык сактоо уюмдарына белек же кайрымдуулук катары берүүгө акылуу бирок аларда белгиленген азыктардын соодалык маркасын көрсөтүүгө тыюу салынат.

5. Саламаттык сактоо уюмдарына караштуу дарыканаларда белгиленген азыктарды сатууга же башкача жол менен берүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-8)
