# 6-берене. Белгиленген азыктардын маркетингин чектөө

- Документ: [Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202479)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы № 263 "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 263
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3899/edition/724115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202479/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө, 6-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-6

---

1. Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучулар жана таратуучулар балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөр менен жүзөгө ашырат.

2. Белгиленген азыктарды жайылтууга анын ичинде дүң жана чекене соода жайларында жана саламаттык сактоо уюмдарында жайылтууга тыюу салынат.

3. Белгиленген азыктар балдарга медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча сунуш кылынган учурларда алардын ата-энелерине же үй-бүлө мүчөлөрүнө же башка адамдарга белгиленген азыктарды пайдалануу жолдорун көрсөтүүгө медициналык же социалдык кызматкерлер гана укуктуу.

4. Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучулардын жана таратуучулардын боюнда бар жана бала эмизген аялдарга арналган иш чараларды, конкурстарды, аларга ар кандай ыкмалар менен кеңеш берүү чараларын каржылоосуна, ошондой эле белгиленген азыктарды жасап чыгаруучуларга жана таратуучуларга белгиленген азыктарды пайдаланууга тиешеси бар саламаттык сактоо уюмдарына акысыз кызмат көрсөтүүсүнө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-7)
