# 4-берене. Балдарды эмчек эмизип багууну коргоонун кепилдиктери

- Документ: [Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202479)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы № 263 "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 263
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202479#diff=724115..724116>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3899/edition/724115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202479/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө, 4-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-4

---

1. Мамлекет боюнда бар аялдардын, эмчек эмизген энелердин жана алардын балдарынын укугун, эркиндигин жана кызыкчылыгын коргоону мамлекеттик органдардын түзүмдөрү аркылуу кепилдикке алат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген боюнда бар аялдардын жана эмчек эмизген энелердин эмгектик, үй-бүлөлүк, социалдык жана башка укуктарын коргоо боюнча чаралардан тышкары аталган категориядагы адамдар төмөндөгүдөй жеңилдиктерге укуктуу:

- менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого баш ийгендигине карабастан медициналык мекемелерде, соода жана коомдук тамактануу ишканаларында кезексиз тейленүүгө:

- транспорттун бардык түрлөрүнө кезексиз билет сатып алууга;

- темир жол вокзалдарына, аэропортторго, автовокзалдарга, автостанциялар менен автопавильондорго караштуу бала менен эненин бөлмөсүнөн акысыз пайдаланууга;

- эмчектеги балдарды жана кенже курактагы балдарды аба, суу, темир жол, шаардык жүргүнчүлөр транспортунда жана жалпы пайдалануучу автомобиль транспортунда акысыз алып жүрүүгө.

2. Эмчек эмизген энелерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда эне жана бала үчүн атайын бөлмө жай каралат.

3. Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо мамлекеттик органдар, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген азыктардын маркетингин чектөө, ошондой эле алардын сапатынын, аларды колдонуу тууралу маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнүн шарттарын белгилөө жолу менен камсыз кылынат.

4. Мамлекеттик органдар өз компетенцияларынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негизде жана тартипте балдарды эмчек эмизип багууну коргоону камсыз кылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдарды эмчек эмизип багууну коргоону берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз кылат. (КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-5)
