# 11-берене. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери

- Документ: [Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202479)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы № 263 "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 263
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3899/edition/724115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202479/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө, 11-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-11

---

1. Саламаттык сактоо кызматкерлери балдарды, өзгөчө алты айга чейинки балдарды эмчек эмизип гана багууну пропагандаланышы жана коргошу, ошондой эле боюнда бар аялдарды жана бала эмизген энелерди, алардын башка үй-бүлө мүчөлөрүн жана башка адамдарды баланы эки жашка чейин жана андан ары эмчек эмизип багуунун пайдасы жөнүндө кабардар кылып турушу керек.

2. Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучулар жана таратуучулар, азыктын сапатына кесипкөйлүк баа берүү же илимий изилдөөлөр үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо, белгиленген азыктардын үлгүлөрүн саламаттык сактоо кызматкерлерине берүүгө укуксуз.

3. Саламаттык сактоо кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү белгиленген азыктарды таратууга, ошондой эле бул үчүн акчалай же кандайдыр бир башка түрдө сый акы алууга, анын ичинде илимий иликтөөлөргө стипендияларды, гранттарды кошпогондо, семинарларды, кесиптик даярдыкты жогорулатуу курстарын же конференцияларын каржылоого укуксуз.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202479/st-12)
