# КР 2008-жылдын 15-декабрындагы № 261""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 15-декабрындагы № 261""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 261
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202477>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3897/edition/394413/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202477.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 15-декабрындагы № 261""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202477

---

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2008-жылдын 15-декабры № 261

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202477/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Эркин-Тоо газетасы, 2005-жылдын 18-январы, № 4-5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын бардык тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "секретариат" деген сөз ар түрдүү жөндөмөлөрдө жана сандык формаларда "бөлүм (сектор)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 18-берененин 3-бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ар бир депутаттык фракция түзүмү жана штаттык саны Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан аныкталган бөлүм (сектор) тарабынан камсыздалат".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202477/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
