# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы № 253 "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы № 253 "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 253
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202470>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3893/edition/347717/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202470.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы № 253 "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (20.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202470

---

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары

2008-жылдын 1-декабры № 253

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

2008-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202470/st-1)

"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомостто-

ру, 1996-ж., № 7, 106-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизил-

син:

5-статьяда:

1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- төмөндөгү юридикалык жактарды: чет өлкөлүктөр катышкан юридика-

лык жактарды, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк-

төр катышкан юридикалык жактарды жана алардын өкүлчүлүктөрү менен фили-

алдарын кошпогондо, саясий партияларды, мамлекеттик бийликтеги борбор-

дук органдарды: чет элдик юридикалык жактардын филиалдарын жана өкүлчү-

лүктөрүн жана чет өлкөлүктөр катышкан ишканаларды эсептик каттоону мам-

лекеттик каттоо:";

2-бөлүктүн экинчи абзацында "юридикалык жактарды мамлекеттик кат-

тоо," деген сөздөрдөн кийин "иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын Өкмө-

тү бекиткен тизмеге ылайык, пайдалуу кендерди эксплуатациялоого (иште-

түүгө) багытталган чет өлкөлүктөр катышкан юридикалык жактарды жана

алардын өкүлчүлүктөрү менен филиалдарын кошо алганда," деген сөздөр ме-

нен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202470/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик

укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202470/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчү-

нө кирет.
