# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы № 249 "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы № 249 "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202465>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3888/edition/329667/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202465.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы № 249 "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы (01.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202465

---

Бишкек шаары

2008-жылдын 1-декабры № 249

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу

2008-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202465/st-1)

"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-

замына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2001-ж., № 1,

1-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 1-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен

толукталсын:

"- ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуучу принциптерди мыйзам-

дуу бекитүү.".

2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-статья менен толукталсын:

"2-1-статья. Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун

негизги принциптери

Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун негизги принциптери

болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- ишкердиктин субъекттеринин ак ниеттүүлүк презумпциясы;

- Кыргыз Республикасынын милдеттүү талаптарды белгилөөчү мыйзамда-

рындагы карама-каршылыктарды, өксүктөрдү жана так эместиктерди мамле-

кеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

ишкердиктин субъекттерине каршы пайдаланышпайт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда

ишкердик субъекттеринин иштерине мамлекеттик органдардын жана жергилик-

түү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишпестиги, анын ичинде алар-

ды токтотууга жол бербөө;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-

гандарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген төлөмдөр-

дү белгилөөлөрүнө жана алууларына жол бербөө;

- ишкердикке тийиштүү лицензияларды, уруксаттарды жана башка акты-

ларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген до-

кументтерди белгилөө жана талап кылууга жол бербөө;

- ишкердикти жөнгө салуучу иштелип жаткан ченемдик укуктук актылар

жөнүндө ишкердиктин субъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында

белгиленген тартипте милдеттүү маалымдоо.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202465/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
