# Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2008-жылдын 20-ноябры № 243 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2008-жылдын 20-ноябры № 243 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202459>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3883/edition/764828/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202459.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2008-жылдын 20-ноябры № 243 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202459

---

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Бишкек шаары 2008-жылдын 20-ноябры N 243

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу

2008-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202459/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве- домосттору, 1997-жыл, № 10, 471-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук- тоолор киргизилсин:

1. 1-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Банк акционердик коом түрүндө түзүлүүчү жана өз ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук (Борбордук) банкы (мындан ары - Кыргызстан Бан- кы) тарабынан берилген лицензиянын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жүргүзүүчү юридикалык жак болуп саналат.".

2. 45-1-статьяда:

1-пункттун биринчи абзацы "банк мыйзамдарын" деген сөздөрдөн кийин "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамынын" деген сөздөр менен толукталсын; 2-пункттун биринчи абзацы "банк мыйзамдарын" деген сөздөрдөн кийин "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамынын" деген сөздөр менен толукталсын; 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын: "12) "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурда".

3. 48-статьянын 5-пунктунун 6-пунктчасындагы "кылуу камтылууга

тийиш" деген сөздөр "кылууну караган талаптардын бири же бир нечеси камтылышы мүмкүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202459/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтириш- син.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
