# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-октябрындагы №241 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу"мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-октябрындагы №241 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.10.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202457>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3881/edition/469747/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202457.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-октябрындагы №241 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу"мыйзамы (19.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202457

---

КР 2013-жылдын 19-августундагы № 195 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары

2008-жылдын 20-ноябры № 241

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2008-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202457/st-1)

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 3, 126-ст.)

төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1. 9-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ишкердик кылуунун төмөнкүдөй түрлөрү үчүн лицензия талап кылынат:

1) пайдалуу кендерди издөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө;

2) коркунучтуу өндүрүш объекттерин долбоорлоого, курууга (түзүүгө)

жана эксплуатациялоого;

3) дарыяларда жана көлмөлөрдө тосмолорду курууга;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизме боюнча ањчылык

кылууга жана канаттууларды кармоого;

5) дарыларды, вакциналарды жана сывороткаларды, медикаменттерди

жана медициналык техниканы мыйзамдарда каралгандан башка учурларда,

парфюмердик-косметикалык жана химиялык заттарды (самын-кир жуугуч, пар-

фюмердик-косметикалык товарларды өнөржай ишканаларынын сапат сертифика-

цияларынын негизинде саткан соода ишканаларынан тышкары) даярдоого жана

реализациялоого;

6) пиво, шарап, шампан, ликер-арак, коньяк ичимдиктерин жана спир-

тти даярдоого;

7) медициналык жана ветеринардык жекече иш жүргүзүүгө;

8) оюн-зоок жайларын түзүүгө жана кармоого, кумар оюндарын уюшту-

рууга;

9) Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу авиациялык

иштердин бардык түрлөрүнө, граждандык авиациянын аба кемелерин кабыл

алууга жана учурууга, аба кемелерин жана алардын жабдууларын техникалык

жактан тейлөөгө;

10) шаар курулушу, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын

жана курулуштардын долбоорлоо-изилдөө жумуштарына;

11) менчик турак уй куруудан тышкары курулуш-монтаждоо жумуштары-

на;

12) жекече детективдик жана күзөт ишмердигине;

13) банк операцияларын жүргүзүү, накталай чет өлкө валютасы менен

алмашуу операцияларын жүргүзүү, электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга

байланыштуу кызматтарды көрсөтүү ишинде, ломбард иши, кредиттик союз-

дардын иши, юридикалык жактар тарабынан мөөнөттүүлүк, кайра кайтаруу

жана акы төлөнүүчү шарттарда калктын акча каражаттарын тартууга;

14) баалуу кагаздар боюнча кесиптик ишке;

15) камсыздандыруу ишине;

16) мамлекеттик эмес пенсия фондунун иштерине;

17) программа түзүүнү, берүүнү жана аны таркатууну өзүнө камтыган

телерадиоберүү боюнча ишмердикке;

18) телерадиоберүү ишин кошпогондо (технологиялык жана ички өндү-

рүштүк багытындагы байланышты уюштуруудан тышкары) почта жана электр

байланышы, долбоорлоо, өндүрүү, куруу, бул үчүн зарыл тармактарды, ли-

нияларды, курулмаларды, тутумдарды жана түзүлүштөрдү кошо алганда ради-

ожыштыктары спектрин же кабель каражаттарын пайдалануу менен маалымат-

тарды берүү жагындагы иштерге;

19) алкоголь ичимдиктерин сатууга;

20) электр жана жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын өндүрүү-

гө, берүүгө, бөлүштүрүүгө, сатууга, мунайзатты жана жаратылыш газын

кайра иштетүүгө;

21) электр станцияларын, подстанцияларын жана электр берүү линия-

ларын курууга;

22) аудитордук ишке;

23) билим берүүнүн дењгээлине жана менчигинин түрүнө карабастан

билим берүү ишине (мектепке чейинки жана жалпы баштапкы, негизги жана

орто билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик билим берүү

мекемелеринен тышкары);

24) жарылуучу жана пиротехникалык заттарды жана буюмдарды ташып

келүүгө, иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана сатууга;

25) курал-жарак жана ок-дарыны жасап чыгарууга, оњдоого жана соода

кылууга;

26) аскердик багыттагы продукцияны иштеп чыгууга, чыгарууга жана

сатууга жана кызмат көрсөтүүгө;

27) милдеттүү түрдөгү сертификаттоо жумуштарын жүргүзүүгө;

28) күчтүү таасир берүүчү, уулуу жана радиоактивдүү заттарды өндү-

рүүгө жана сатып өткөрүүгө;

29) уулуу материалдардын жана заттардын, анын ичинде радиоактивдүү

заттардын калдыктарын утилдештирүүгө, жайгаштырууга, жок кылууга жана

көмүүгө;

30) уулуу заттардын өндүрүш калдыктарын ташууга (анын ичинде чек

аралар аркылуу);

31) банкроттук ишти жүзөгө ашырган администраторлордун ишине;

32) юридикалык ишке (жекече нотариустук ишке жана адвокаттык иш-

ке);

33) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу-

га, аба, суу жана темир жол транспорту менен (атайын, кызматтык жана

технологиялык транспортту кошпогондо) ташууларга, автовокзалдардын, ав-

тостанциялардын жана автокассалардын ишине;

34) накталай акча каражаттарын жана баалуулуктарды ташууга жана

инкассациялоого;

35) бажы айланасындагы кызматтар (бажы ташуучусу, убактылуу сактоо

кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси,

бажы брокери) чөйрөсүндө;

36) риэлтор иши.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202457/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
