# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 3-ноябрындагы № 238 "Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө"Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 3-ноябрындагы № 238 "Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 238
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202454>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3879/edition/329659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202454.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 3-ноябрындагы № 238 "Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө"Мыйзамы (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202454

---

КР 2024-жылдын 18-июлундагы № 128 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары

2008-жылдын 3-ноябры № 238

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын

аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык

бирдиктерди жоюу жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202454/st-1)

Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында

жайгашкан төмөнкү администрациялык-аймактык бирдиктер жоюлсун:

Бишкек шаарында - Чоњ-Арык шаар тибиндеги поселогу;

Ош шаарында - Жапалак айылдык округу.

Жалал-Абад областында:

- Жалал-Абад шаарында - Тайгараев айылдык округу;

- Кара-Көл шаарында - Жазы-Кечүү айылдык округу жана Кетмен-Төбө

шаар тибиндеги поселогу;

- Майлуу-Суу шаарында - Көк-Таш шаар тибиндеги поселогу жана Са-

ры-Бээ шаар тибиндеги поселогу;

- Таш-Көмүр шаарында - Шамалды-Сай шаар тибиндеги поселогу жана

Кызыл-Жар шаар тибиндеги поселогу.

Баткен областында:

- Кызыл-Кыя шаарында - Ак-Булак айылдык округу;

- Сүлүктү шаарында - Восточный (Кош-Булак) шаар тибиндеги посело-

гу.

Ысык-Көл областында:

- Балыкчы шаарында - Орто-Токой шаар тибиндеги поселогу;

- Каракол шаарында - Пристань-Пржевальск шаар тибиндеги поселогу.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202454/st-2)

1. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн администрациялык-ай-

мактык бирдиктердин курамындагы калктуу конуштар өз статусун жана ата-

лышын сактайт.

2. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн шаарлардын администра-

циялык-аймактык чек аралары жоюлган администрациялык-аймактык бирдик-

тердин аймактарын эсепке алуу менен мурунку чек арасында сакталат.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202454/st-3)

Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында

жайгашкан төмөнкү администрациялык-аймактык чек араларынын курамындагы

шаар тибиндеги поселоктордо жана айылдарда жергиликтүү өз алдынча баш-

каруу органы жергиликтүү кењештер жана аткаруучу-тескөөчү органдар тү-

рүндө түзүлбөй тургандыгы белгиленсин.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202454/st-4)

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын жергиликтүү

өз алдынча башкаруу органдары белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө

республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын администрациялык-ай-

мактык чек араларынын курамында турган айылдардын жана шаар тибиндеги

поселкалардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияла-

рын, ыйгарым укуктарын жана милдеттерин кабыл алышсын, ошондой эле ушул

Мыйзамдан келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети администра-

циялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин статистикалык эсебине тиеше-

лүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча

тиешелүү чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
