Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-12-16.
КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары 2008-жылдын 3-ноябры № 236
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу
2008-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-жыл, № 10, 470-береке) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо кирги- зилсин: 9-статьяда:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргызстандын Банкы өткөргөн тендердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши, Кыргыз Банкынын финансы жылы бүткөнгө алты ай калгандан кечиктирбестен борбордук (улуттук) банктарда аудит жүргүзүү боюнча беш жылдан кем эмес тажрыйбасы болгон, эларалык абройго ээ аудитордук уюмду карайт жана бекитет. Бир эле аудитордук уюм Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тара- бынан экиден көп жолу катары менен каралууга жана бекитилүүгө тийиш эмес";
- статья төмөнкү мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:
"2. Кыргыз Банкына аудит аудиттин эларалык стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш жана Кыргыз Республикасында катталган, тиешелүү лицензияга ээ аудитордук уюм сыяктуу эле, Кыргыз Республикасынын айма- гында аудитордук ишти жүргүзүүгө лицензиясы жок, бирок ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген чет өлкөлүк аудитордук уюм тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Мына ушундай чет өлкөлүк уюмдардын лицензиясы, мындай лицензиянын укуктук мүмкүнчүлүгүн тастыктоо бар учурунда, Кыргыз Республикасынын аймагында да таанылат.";
- 2-пункт 3-пункт деп эсептелсин жана "фирма" жана "фирманын" де-
ген сөздөр "уюм" жана "уюмдун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-сентябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоору жана "Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө"…Постановление · 27.09.2013 · № 529 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 207
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон