# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-октябрындагы № 234 "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-октябрындагы № 234 "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 234
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202449>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3874/edition/449114/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202449.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-октябрындагы № 234 "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы (09.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202449

---

КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 118 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары

2008-жылдын 23-октябры № 234

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасында турак жай фондусун

приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

2008-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202449/st-1)

"Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Сове-

тинин Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 692-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр

киргизилсин:

1. Мыйзамдын бардык тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргызс-

тан Республикасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасы"

деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 2-статьяда:

статьянын бардык тексти боюнча "мейманкана тибиндеги" деген сөздөр

"мейманкана түрүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы ", совхоздордун жана аларга тењешти-

рилген башка айыл чарба ишканаларынын турак жай фондусунан тышкаркылар"

деген сөздөр алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202449/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202449/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
