# 352-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 231
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202446/st-352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3871/edition/1119501/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 352-статья (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202446/st-352

---

төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "352-статья. Салыктын суммасынын азайышы Бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасынын азайышы, -

1) текшерилүүчү календарлык жыл үчүн жыйынды жылдык кирешеге 2 пайызга чейинки өлчөмдө - администрациялык айып салууга алып келбейт;

2) текшерилүүчү календарлык жыл үчүн жыйынды жылдык кирешеге 2ден 5 пайызга чейинки өлчөмдө -

жарандарга - он, кызмат адамдарына - элүү эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет;

3) текшерилүүчү календарлык жыл үчүн жыйынды жылдык кирешеге 5 пайыздан ашык -

жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө салык карыздарын төлөө жөнүндө билдирүүнүн талаптарын аткарбоо, төмөнкү учурларда: ушул статьянын 1-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда, жарандарга - он, кызмат адамдарына - жыйырма беш эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет; ушул статьянын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда, жарандарга - он беш, кызмат адамдарына - элүү эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет; ушул статьянын 3-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда, жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет."; 353-статьяда: статьянын аталышында "Экономикалык ишти" деген сөздөн кийин "салыктык" деген сөз менен толукталсын; 1-бөлүктө: биринчи абзацында "Салыктык инспекциясында" деген сөздөр "Салыктык" деген сөз менен алмаштырылсын; экинчи абзацындагы "ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөр "жыйырма" деген сөзгө жана "жыйырмадан отузга чейинки" деген сөздөр "жүз" деген сөзгө алмаштырылсын; 355-статьяда: биринчи абзацындагы "ишканалар жана башка ишкердик уюмдарды" деген сөздөр "коммерциялык жана башка уюмдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзацындагы "жыйырмадан элүү" деген сөздөр "жүз" деген сөз алмаштырылсын; 356-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "бештен он беш" деген сөздөр "он беш" деген сөзгө жана "он бештен отуз" деген сөздөр "отуз" деген сөзгө алмаштырылсын; 410-статьянын экинчи абзацындагы "бештен элүүгө чейинки" деген сөздөр "элүү өлчөмүндө" деген сөз менен алмаштырылсын; 535-статьяда: статьянын аталышындагы "Мамлекеттик салык инспекциясынын" деген сөздөр "Салык кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 1-бөлүктөгү "Мамлекеттик салык инспекциясынын" деген сөздөр "Салык кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын жана "ушул Кодекстин 346, 348-353, 355, 356-статьялары, 357-статьянын 2-бөлүгү, 362-статья, 410-статьяларында, 418-статьясынын 2-бөлүгүндө" деген сөздөр "ушул Кодекстин 346, 348-353, 355, 356, 410, 418-статьяларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 564-статьянын 2-пунктундагы "мамлекеттик салык инспекциясынын" деген сөздөр "салык кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

28. (КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

29. "Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-жыл, № 8, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 5-статьянын 4-пунктунда "Салык кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [310-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202446/st-310)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202446/st-7)
