# 310-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 231
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202446/st-310>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3871/edition/1119501/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 310-статья (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202446/st-310

---

төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "310-статья. Документтерди алмаштыруу, өзгөртүү, кайра жасоо, жасалмалоо, так отчеттуулук бланкаларын сакталышын камсыз кылбоо жана жоголгон учурлары жөнүндө маалымат бербөө Документтерди алмаштыруу, өзгөртүү, кайра жасоо, жасалмалоо же алардын сакталышын камсыз кылбоо, ошондой эле так отчеттуулуктагы бланктардын (КНС боюнча эсептик фактуралардын, накладнойлордун ж.б.) жоголгон же уурдалган учурлары жөнүндө өз учурунда маалымат бербөө, - жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет."; 346-статьяда: 1-бөлүктүн экинчи абзацында "үчкө чейин" деген сөздөр "жыйырма" деген сөздөргө жана "бештен онго чейин" деген сөздөр "жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Бухгалтердик эсептин жоктугу, бухгалтердик эсепти бурмалоо, бухгалтердик отчетторду, баланстарды, эсептөөлөрдү жана бюджетке салыктарды эсептөө жана төлөө менен байланышкан башка документтерди бербөө, -"; 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырмага чейин" деген сөздөр "жыйырма өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 348-статьяда: аталышында "мамлекеттик салык инспекциясы" деген сөздөр "салык кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 1-бөлүктүн: биринчи абзацындагы "мамлекеттик салык инспекциясы" деген сөздөр "салык кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзацында "ондон жыйырмага чейин" деген сөздөр "жарандарга - он, кызмат адамдарына - элүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "жыйырмадан элүүгө чейин" деген сөздөр "жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын; Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 348-1-статья менен толукталсын: "348-1-статья. Мыйзамсыз талап кылуу жана салыктын купуя сырын камтуучу маалыматтарды алуу Мыйзамсыз талап кылуу жана салыктын купуя сырын камтуучу маалыматтарды алуу, документтерди уурдоо, салыктык купуя сырды билген адамдарды, же алардын жакындарын сатып алуу жана коркутуу жолу менен алуу, байланыш каражаттарындагы маалыматтарды уурдап алуу, компьютердик системага же тармакка мыйзамсыз кирүү, атайын техникалык каражаттарды пайдалануу, ошолорго тете мыйзамсыз жолдор менен мындай маалыматтарды мыйзамсыз алуу - жүз эсептик көрсөткүчтүн көлөмүндө айып менен жазаланат."; 349-статьянын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: "349-статья. Документтердин сакталып турушун камсыз кылбоо"; 351-статьяда: статьянын аталышындагы "декларациялар жана төлөмдөр" деген сөздөр "бирдиктүү салык декларациялары жана салыктарды төлөбөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 1-бөлүктөгү: биринчи абзацындагы "декларациялар жана төлөмдөр" деген сөздөр "бирдиктүү салык декларациялары жана салыктарды төлөбөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзацындагы "бирден экиге чейин" деген сөздөр "жыйырма" деген сөзгө жана "ондон жыйырмага чейин" деген сөздөр "элүү" деген сөзгө алмаштырылсын;

---

Мурунку берене: [300-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202446/st-300)  
Кийинки берене: [352-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202446/st-352)
