# 12-2-статья. Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 231
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202446/st-12-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3871/edition/1119501/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 12-2-статья (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202446/st-12-2

---

1. Жыйымдын төлөөчүлөрү ушул максаттар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу-тескөөчү органдары тарабынан атайын жабдылган же бөлүнгөн жерлерге автомашиналарды парковкалоону ишке ашыруучу юридикалык жана жеке жактар болуп саналат.

Жыйым айдоочулардын белгиленген үлгүдөгү квитанцияларды сатып алуусу жолу менен жүргүзүлөт.

2. Жыйымдын ставкасы алардын аткаруучу-тескөөчү органдарынын сунушу боюнча айылдык округдардын кеңештеринин, поселкалык жана шаардык кеңештердин чечимдери боюнча орундун жайлуулук деңгээлине жана токтотуу узактыгына жараша, бирок эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн 10 пайыздан ашпаган өлчөмдө райондук, шаардык кеңештин чечими менен белгиленет.

3. Жыйымды тиешелүү жергиликтүү бюджетке төлөө ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин жүргүзүлөт.".

23. (КР 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

24. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-жыл, № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

8-статьяда: статьянын аталышындагы "Кыймылсыз мүлккө салык." деген сөздөр алып салынсын; 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Жер үчүн акы төлөө жерди пайдалангандык үчүн ижаралык акы түрүндө төлөнөт. Жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөнөт.".

25. (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

26. "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2007-жылдын 8-июну, № 41) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202446/st-5)  
Кийинки берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202446/st-1)
