12-2-статья. Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Жыйымдын төлөөчүлөрү ушул максаттар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу-тескөөчү органдары тарабынан атайын жабдылган же бөлүнгөн жерлерге автомашиналарды парковкалоону ишке ашыруучу юридикалык жана жеке жактар болуп саналат.
Жыйым айдоочулардын белгиленген үлгүдөгү квитанцияларды сатып алуусу жолу менен жүргүзүлөт.
2. Жыйымдын ставкасы алардын аткаруучу-тескөөчү органдарынын сунушу боюнча айылдык округдардын кеңештеринин, поселкалык жана шаардык кеңештердин чечимдери боюнча орундун жайлуулук деңгээлине жана токтотуу узактыгына жараша, бирок эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн 10 пайыздан ашпаган өлчөмдө райондук, шаардык кеңештин чечими менен белгиленет.
3. Жыйымды тиешелүү жергиликтүү бюджетке төлөө ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин жүргүзүлөт.".
23. (КР 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
24. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-жыл, № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
8-статьяда: статьянын аталышындагы "Кыймылсыз мүлккө салык." деген сөздөр алып салынсын; 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Жер үчүн акы төлөө жерди пайдалангандык үчүн ижаралык акы түрүндө төлөнөт. Жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөнөт.".
25. (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
26. "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2007-жылдын 8-июну, № 41) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202446/st-12-2" title="12-2-статья - Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>