# 99-берене. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн Мамлекеттик реестрден чыгаруу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 99-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-99

---

1. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн Мамлекеттик реестрден чыгаруу ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтар жана/же салык төлөөчүнүн же анын өкүлүнүн эсептен чыгаруу жөнүндө арызы боюнча салыктык милдеттенмелер токтотулгандыгына байланыштуу жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн Мамлекеттик реестрден чыгаруу:

1) резидент эместер, ушул Кодексте каралган, салуу объекттерине карата менчик укугу, жерди пайдалануу, чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу сыяктуу укуктары жана Кыргыз Республикасында салык милдеттенмелерин аткаруусу токтотулган учурда жүргүзүлөт;

2) ушул пункттун 1) пунктчасында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары салыктык катталууга тийиш болгон башка субъекттер Кыргыз Республикасынан кеткенде жана ал субъект Кыргыз Республикасында салык милдеттенмелерин аткарганда жүргүзүлөт.

3. Салык төлөөчүнү Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн Мамлекеттик реестринен шарттуу чыгаруу салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген иштебеген уюмдун жана жеке ишкердин белгилерине дал келген жана салыктык карызы жок учурларда идентификациялык салык номерин сактоо менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-100)
