# 98-берене. Салык төлөөчүнү эсепке алып каттоо

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 98-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-98

---

1. Салык төлөөчүнү эсепке алып каттоо субъект салыктык каттоо жол-жоболорунан өткөндөн кийин төмөнкүдөй учурларда ишке ашырылат:

1) уюм жана жеке ишкер үчүн:

а) өзүнчө бөлүкчө турган жер боюнча - өзүнчө бөлүкчө пайда болгондо, жоюлганда же турган жери өзгөргөндө;

б) салык салуу объекти турган жер боюнча - салык салуу объекттеринин курамы өзгөргөндө;

2) ушул бөлүктун 1-пунктунда каралган учурларга кошумча, ишин патенттин негизинде жүргүзүүчү жеке ишкерлер үчүн - эгерде ал салыктык каттоочу жерден тышкары турса, ишин жүргүзгөн жер боюнча;

3) жеке жактар үчүн - салык салуу объекттери турган жана/же катталган жер боюнча.

2. Дипломатиялык жана аларга теңештирилген өкүлчүлүктөргө КНСти кайтарып берүү максатында, салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берген маалыматтарга ылайык аларды эсепке алып каттоону жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-97)  
Кийинки берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-99)
