# 94-берене. Бул главада пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121000..1121001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 94-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-94

---

Бул главада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) "Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реест- ри" - салык төлөөчүлөрдү эсепке алуу боюнча маалыматтардын мамлекеттик базасы.

2) "Салыктык каттоо" - Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине салык төлөөчү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.

3) "Салык органында каттоо" - салык төлөөчүнү салыктык же эсепке алуу каттоосу.

4) "Салык төлөөчүнүн каттоо маалыматтары" - салык төлөөчү салыктык каттоодон өткөндө ал салык органына билдирген маалыматтар.

5) "Салык төлөөчүнү каттоо картасы" - бекем отчеттуулуктагы бланк болуп саналган жана аны салыктык каттоо учурунда толтурулуучу идентификациялык салык номерин ыйгаруу жөнүндө документ.

6) "Салык төлөөчүнү эсепке алып каттоо" - салык төлөөчүнүн иш параметрлерин, анын ичинде өзүнчө бөлүкчөлөрүнүн, салык салуу объекттеринин курамынын, иш жүргүзүү орду өзгөргөндө салык органдары тарабынан көрүлүүчү иш-чаралар системасы.

7) "Контролдук-кассалык машиналар (мындан ары - ККМ) - фискалдык эске тутуусу же программалык камсыз кылуусу бар, фиксация функциясы, маалыматтарды сутка сайын (нөөмөт сайын) оңдолбой турган каттоосу, узак мезгил бою сактоосу жана коргогон түрдө реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына берүүсү бар аппараттык-программалык каражаттар.

Ушул аныктаманын максатында:

а) фискалдык эске тутуусу бар аппараттык-программалык каражат болуп саналган контролдук-кассалык машина (мындан ары - аппараттык ККМ) деп орнотулган программалык башкаруусу бар маалыматты топтоочу, иштетүүчү жана берүүчү техникалык каражат таанылат;

б) программалык камсыз кылуу болуп саналган контролдук-кассалык машина (мындан ары - программалык ККМ) деп төмөнкүлөр менен интеграцияда иштеген кардарлардын тиркемеси түрүндө ишке ашырылган программалык камсыз кылуу таанылат:

- реалдуу убакыт режиминде корголгон түрдө ыйгарым укуктуу салык органынын сервери менен; же

- ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды корголгон түрдө берүүнү камсыз кылуучу ФМО маалымат системасы менен;

8) "ККМ реестри" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ККМге коюлуучу техникалык талаптарга ылайыктуулугун ырастоону белгиленген тартипте алган ККМдин ар бир модели/версиясы боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат системасындагы маалыматтардын жыйындысы;

9) "Фискалдык эс тутум" - ККМди колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон жыйынтык маалыматты оңдолбой турган сутка сайын (нөөмөт сайын) каттоону жана узак мезгил бою сактоону камсыз кылуучу программалык-аппараттык каражаттардын комплекси.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-95)
