# 93-берене. Салыктык контролдоо түшүнүгү жана анын формалары

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 мая 2020 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам администрирования сбора страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/112060)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121001..1121002>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 93-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-93

---

1. Салыктык контроль Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын аткарылышына салыктык кызмат органдарынын контролдугу болуп саналат.

2. Салыктык контроль төмөнкүдөй формаларды ишке ашырылат:

1) салык төлөөчүнү салыктык каттоо жана эсепке алуу каттоосу;

2) бюджетке салыктын түшүүлөрүн эсепке алуу;

3) салыктык текшерүүлөр;

4) рейддик салык контролу;

5) салык постун белгилөө.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларын жүзөгө ашырууда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо салыктык контролдоого теңдештирилет жана ушул беренеде белгиленген формаларда жүзөгө ашырылат.

(КР 2020-жылдын 13-майындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-92)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-94)
