# 86-берене. Салыктык отчетторду түзүүнүн жана берүүнүн тартиби

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"](https://aqlex.ai/kg/doc/111776)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.04.2018 [Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"](https://aqlex.ai/kg/doc/111776); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205389); 24.04.2013 [Закон КР от 24 апреля 2013 года № 57 "О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203864); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120979..1120980>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 86-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-86

---

1. Эгерде ушул Жободо башкача белгиленбесе, салыктык отчет ушул Кодекстин талаптарына ылайык өз алдынча салык төлөөчү же болбосо салык боюнча өкүл тарабынан түзүлөт.

2. Эгерде ушул Кодексте же ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган актыларда башкасы белгиленбесе, салык отчеттуулугу кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндө мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт жана берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кагаз түрүндөгү салыктык отчеттуулугун берүүнү электрондук документтин формасына өткөрүү тартибин жана мөөнөтүн аныктайт.

3. Кагаз түрүндөгү салык отчетуна салык төлөөчү же салык төлөөчүнүн кызмат адамы жана/же салык боюнча өкүл кол коюуга тийиш. Салык төлөөчүнүн жана салык төлөөчүнүн кызмат адамынын, салык боюнча өкүлдүн койгон колу, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүгө мөөр колдонуу боюнча талаптар коюлса, мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

4. Электрондук документ түрүндөгү салык отчетуна электрондук башкаруу жана электрондук кол коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын, же салык өкүлүнүн электрондук кол тамгасы менен коюлууга тийиш.

5. Салык отчетунда көрсөтүлгөн маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик салык төлөөчүгө жүктөлөт.

6. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында башкача белгиленбесе, салык отчету салык төлөөчү катталган жердеги салык органына берилет.

7. Салык төлөөчү, салык боюнча өкүл салык отчетун каалоосу боюнча төмөнкүдөй түрдө берүүгө укуктуу:

1) өзүлөрү барып;

2) кабарлоо менен заказдык кат аркылуу почта менен;

3) ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалымат системасы аркылуу электрондук документ түрүндө.

8. Салык отчету салык төлөөчүнүн каалоосу боюнча алдын ала текшерүүсүз, анын мазмунун талкуулабастан кабыл алынат.

9. Кагаз жүзүндө түзүлгөн документ же электрондук документ түрүндөгү салык отчетун толтуруунун жана берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилет.

10. (КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

11. КНС салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте салык органына КНС боюнча отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 57, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-85)  
Кийинки берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-87)
