# 84-берене. Эсепке алуу документтерин түзүү жана сактоо

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 84-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-84

---

1. Эсепке алуу документтери салыктык милдеттенмени аныктоо үчүн негиз болуп саналуучу баштапкы документтерди, бухгалтердик эсептин регистрлерин жана башка документтерди камтыйт.

2. Эсепке алуу документтери кагаз түрүндө жана/же электрондук булактарда түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген тиешелүү салыктык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтү өткөнгө чейин сакталат, бирок ал ушул Кодексте белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнөн кем болбойт.

3. Баштапкы документтер жана бухгалтердик эсептин регистрлери салык төлөөчү тарабынан мамлекеттик же расмий тилдерде түзүлөт.

4. Чет тилде түзүлгөн башка эсепке алуу документтери болсо салык органынын талабы боюнча салык төлөөчү мындай документтерди мамлекеттик же расмий тилге которууну камсыз кылууга милдеттүү.

5. Салык төлөөчү өзгөртүп кайра түзүлгөн учурда кайра түзүлгөн уюмдун эсепке алуу документтерин сактоо боюнча милдеттенме анын укук мурасчысына жүктөлөт.

6. Уюмду жоюуда, ошондой эле жеке ишкердин ишмердиги токтогон учурда мамлекеттик реестрден чыгарылгандан кийин эсепке алуу документтеринин мамлекеттик архивге тапшырылууга тийиш болгондорунан башкасы жок кылынышы мүмкүн.

(Экинчи абзац КР 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту). (КР 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-85)
