# 82-берене. Салык кызматы органынын чечими жана анын мазмуну

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 августа 2016 года № 167 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111446)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.08.2016 [Закон КР от 12 августа 2016 года № 167 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111446); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120962..1120963>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 82-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-82

---

1. Салык төлөөчү үчүн олуттуу юридикалык кесепеттери бар бардык маселелер боюнча ушул Кодекске ылайык чечим салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынат.

2. Чечимдин түрүнө жараша анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) салык төлөөчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты же анын толук аталышы;

2) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери;

3) чечим кабыл алынган дата;

4) чечим кабыл алуу үчүн негиз;

5) кабыл алынган чечим;

6) чечим кабыл алынган күнгө карата эсептелген салыктар, пайыздар, туумдар жана салык санкциялары боюнча карыздын суммасы;

7) тиешелүү салыктардын, пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын реквизиттери;

8) ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмесин аткаруу мөөнөтү;

9) салык төлөөчү чечимди аткарбаган учурда колдонула турган салык милдеттенмесин аткарууну камсыз кылуу боюнча чаралар;

10) салык кызматы органынын салык төлөөчүгө жана/же анын салык милдеттенмесине жана/же анын салык карызына карата кылган аракеттери жөнүндө маалымат;

11) даттануу тартиби;

12) салык төлөө же салык карызын жоюу үчүн зарыл болгон банк реквизиттери;

13) башка зарыл маалыматтар.

3. Салык кызматы органынын чечими салык төлөөчүгө аны тапшыруу жолу менен жеткирилет.

4. Чечим эки нускада түзүлөт, алардын бири салык төлөөчүгө же ушул Кодексте белгиленген учурларда жактарга тапшырылат.

5. Чечимди кабыл алуунун формасы жана тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

Эгерде чечимдин формасы белгиленбесе, ал эркин формада түзүлөт. (КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-81)  
Кийинки берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-83)
