# 81-берене. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке алуу, кайтарып берүү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.05.2015 [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120948..1120949>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 81-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-81

---

1. Салыктын ашык төлөнгөн суммасы, ошондой эле пайыз, туум жана салыктык санкция деп салык төлөөчү бюджетке төлөгөн салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын суммасы менен бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын суммасынын ортосундагы оң айырма эсептелет, буга ушул Кодекстин 278 жана 279-беренелери менен аныкталган кошумча наркка салык (мындан ары - КНС) боюнча ашкан сумма кирбейт.

2. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын ашык төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн салык боюнча карызын төлөөсүнүн эсебине төмөнкүдөй тартипте кириштелет:

1) салыктын бул түрү боюнча пайыздарды, туумду жана салыктык санкцияларды жоюунун эсебине;

2) салыктардын башка түрлөрү боюнча төлөнө элек береселерди жоюунун эсебине;

3) салыктардын башка түрлөрү боюнча пайыздарды, туумду жана салыктык санкцияларды жоюунун эсебине.

3. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү салык кызматы органы тарабынан салык төлөөчүнүн аткарылбаган салык милдеттенмеси болгон учурда салык төлөөчүгө чегерүү жөнүндө чечимди тапшыруу менен чегерүү жүргүзүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде өз алдынча жүргүзүлөт.

4. Салык төлөөчүдө ашыкча төлөнгөн салыктык сумма бар болгон жана башка салыктар боюнча аткарылбаган салыктык милдеттенмеси пайда болгон учурда салыктын ашкыча төлөнгөн суммасын аткарыла элек салыктык милдеттенменин эсебине чегерүү салык органы тарабынан аткарылбаган салыктык милдеттенменин жаралган күнгө карата өз алдынча жүргүзүлөт.

5. Салык органы салык төлөөчүгө чегерүү жүргүзүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабарлайт.

6. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар аткарылган учурда салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн арызы боюнча ушул салык боюнча же башка салыктар боюнча келерки мезгилдердин салыктык милдеттенмелерин аткаруунун эсебине чегерилүүгө тийиш же болбосо салык төлөөчүгө кайра берилет.

7. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасын кайра берүү салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн катталган же төлөгөн жери боюнча кайра берүү жөнүндө арыз түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

8. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү же кайра берүү жөнүндө арызды салык төлөөчү ашык төлөнгөн сумма пайда болгон күндөн кийинки күндөн тартып 6 жылдан кеч эмес берсе болот.

9. Салык төлөөчү ашыкча төлөгөн салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын суммасын башка салык төлөөчүнүн салыктык карызын жоюунун эсебине чегерүүгө болбойт.

10. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүгө анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча салык төлөөчүгө аткарыла элек салыктык милдеттенмеси жок болсо кайра берилет.

11. Ушул берененин 7-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт кечиктирилсе, кайра берүү мөөнөтүн кечиктирген ар бир күн үчүн бюджеттик каражаттын эсебинен 0,09 пайыз өлчөмдө салык төлөөчүгө туум төлөнөт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-82)
