# 80-берене. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулушун токтотуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120904..1120905>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 80-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-80

---

1. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулушу тиешелүү чечимдин же келишимдин колдонулуш мөөнөтү бүткөндө токтотулат же болбосо ушул беренеде каралган учурларда мындай мөөнөт бүткөнгө чейин токтотулушу мүмкүн.

2. Кийинкиге жылдыруу жана\\же бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулушу салык төлөөчү салыктык карыздын бардык эсептелген суммасын жана тиешелүү пайыздарды белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин төлөгөн учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

3. Жеңилгис күчтүн жагдайларынын келип чыгыш себеби боюнча бузууларды кошпогондо кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүүнүн шарттарын салык төлөөчү бузганда салык кызматы органы салык төлөөчү чечимди алган күндөн кийинки күндөн тартып 10 күндүн ичинде бузууларды четтетүү жөнүндө чечимди салык төлөөчүгө жиберет. Эгерде салык төлөөчү бул чечимди аткарбаса жана талашпаса кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулушу салык төлөөчү кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн шарттарын бузган күндөн тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтотулганда, салык төлөөчү тиешелүү чечимди алгандан кийин 30 календардык күндүн ичинде салыктык карыздын төлөнбөгөн суммасын, ошондой эле ушул чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып ушул сумма төлөнгөн күнгө чейинки ар бир күн үчүн салык калдыгынын суммасына туум-айыптарды жана салыктык санкцияларды төлөөгө тийиш.

Мында салыктык карыздын калган төлөнбөгөн суммасы кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө чечимде аныкталган, кийинкиге жылдыруу жана\\же бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулуш мезгили үчүн кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулушу жөнүндө чечимге ылайык эсептелген пайыздардын суммасына көбөйтүлгөн жана салыктык карыздар менен пайыздардын иш жүзүндө төлөнгөн суммаларынын ортосундагы айырма катары аныкталат.

5. Кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөөнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим бул чечимди кабыл алган ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен, салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген тартипте жиберилет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-81)
