# 79-берене. Салыктык карыздын суммасын төлөө боюнча кийинки жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү тартиби жана шарттары

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.04.2020 [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023); 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 22.05.2015 [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205389); 15.11.2013 [Закон КР от 15 ноября 2013 года № 201 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205068); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120999..1121000>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 79-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-79

---

1. Салыктык карыздын суммасын төлөө боюнча кийинки жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү ушул беренеде каралган негиздер болсо, аны төлөө мөөнөтүн салык төлөөчү салыктык карыздын суммасын бир жолку төлөө менен (мындан ары бул главада - кийинкиге жылдыруу) жана/же салыктык карыздын суммасын этап-этабы менен төлөө (мындан ары бул главада - бөлүп төлөө) аркылуу 1 айдан 3 жылга чейинки мөөнөткө өзгөртүүнү билдирет.

2. Кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү пайда болгон же салык төлөөчү тарабынан төмөнкүдөй себептердин биринен улам төгүлбөгөн салыктык карыздын суммасына карата анын арызы боюнча берилиши мүмкүн:

1) жеңилбес күчтүн жагдайларынын натыйжасында салык төлөөчүгө келтирилген зыяндын;

2) берилген товарлар, аткарылган жумуштар жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн бул салык төлөөчүгө бюджеттен каржылоо же алар үчүн акы төлөө кечиктирилген, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин алкактарында;

3) эгерде салык төлөөчүнүн финансылык же мүлктүк абалы салыктык карыздын суммасын бир жолку төлөөгө мүмкүндүк бербесе жана берилген кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө мөөнөтү салыктык милдеттенмени аткарууга көмөктөшө турган болсо.

3. Кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө мөөнөтү бир же бир нече салыктар боюнча берилиши мүмкүн.

4. Эгерде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3) пунктунда көрсөтүлгөн негиздери боюнча берилсе салыктык карыз суммасына анын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнгөн суммасынан КРУБдун эки эсе эсептик ставкасына жараша пайыздар эсептелет. Пайыздар кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө берилген мезгилдеги ар бир күн үчүн эсептелет.

Эгерде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1) жана 2) пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча берилсе, бул салыктык карыз суммасына пайыздар эсептелбейт.

5. Салыктык карыздын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасына туум-айыптар жана салыктык санкциялар эсептелбейт.

6. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө арыз негиздерин көрсөтүү менен тиешелүү ыйгарым укуктуу органга берилет. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, бул арызга ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздердин жана салыктык карыздын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасын төлөөнүн банктык кепилдиктери жөнүндө документтердин бар экендигин ырастоочу документтер тиркелет. Көрсөтүлгөн арыздын көчүрмөсү салык төлөөчү эсепте турган жердеги салык органына арыз берген күндөн кийинки күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттө салык төлөөчү тарабынан жиберилет.

7. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим салык төлөөчүнүн арызын алган күндөн кийинки күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат.

Салык төлөөчүнүн арызын караган мезгилде салык органдары салык карызын мажбурлап өндүрүү чараларын токтотуп турат.

8. Ушул главада белгиленген талаптарды аткарууда салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүүнү четке кагуучу жагдайлар болбосо, ыйгарым укуктуу орган ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1) жана 2) пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча салык төлөөчүгө келтирилген зыяндын тийиштүү суммасынын же болбосо берилген товарлар, аткарылган иштер жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн салык төлөөчүгө бюджеттен кем каржыланган же төлөнбөгөн сумманын чегинде салык төлөөчүгө кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтүн берүүдөн баш тартууга укугу жок.

9. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө чечимде кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө берилген салыкты, салыктык карыздын суммасын жана эсептелүүчү пайыздарды төлөө мөөнөтүн жана тартибин, ошондой эле салыктык карыздын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасын төлөөнүн банктык кепилдиги жөнүндө документтер көрсөтүлүүгө тийиш.

Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө чечим ушул чечимде аныкталган күндөн тартып күчүнө кирет. Мында салык карызын төлөө үчүн белгиленген күндөн тартып бул чечим күчүнө кирген күнгө чейинки бардык мезгил үчүн эсептелген туум-айыптар жана салыктык санкциялар карыз суммасына кошулат.

10. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим негизделүүгө тийиш.

11. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан салык төлөөчүгө жана салык төлөөчү эсепке алынган жердеги салык кызматы органына мындай чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде жиберилет.

12. Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүгө байланыштуу салыктык карызды төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-80)
