# 77-берене. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн жокко чыгаруучу жагдайлар

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120904..1120905>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 77-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-77

---

1. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтү, эгерде мындай өзгөртүүгө талапкер болгон салык төлөөчүгө карата ал өзүнүн акча каражаттарын же салык салынууга тийиш болгон башка мүлкүн жашыруу үчүн ушундай өзгөртүүнү пайдаланат дегенге документтик негиздер болсо, же болбосо бул салык төлөөчү туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгып кетүүгө камданса, мындай өзгөртүү болушу мүмкүн эмес.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар пайда болсо, салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү жөнүндө чыгарылган чечим жоюлууга тийиш.

Чыгарылган чечимди жоюуда салык кызматынын органы ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүгө бул чечим чыгарылган күндөн кийинки 3 күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет. (КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-78)
